Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-октябры № VIII-1
2017-жылдын 9 айында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө
2017- жылдын 9 айындаайыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодо дыйкан фермерлер, жеке ишкерлер чөйрөсүндө бир топ алгалыктуу иштер аткарылды. 2017- жылдын I жарым жылдыгындаайыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодо дыйкан фермерлер, жеке ишкерлер чөйрөсүндө бир топ алгалыктуу иштер аткарылды.
2017- жылды Республикабызда «Ыйман, адеп жана маданият жылы» жана облусубузда ал эми районубузда «Мекенди сүйүү ыймандан» жылы деп жарыяланган.2017- жылды айыл өкмөтүнүн «Жаштар арасында ыймандуулукту жайылтуу» жылы деп жарыяланган.Жарыяланган жыл үчүн айыл өкмөтү атайын иш – чаралар иштеп чыгып, айылдык кеңеши тарабынан бекитилген.Айыл өкмөтүнүн 2017- жылдын социалдык – экономикалык өнүгүү программасына 27 (жыйырма жети) долбоор киргизилип, азыркы күндө 20 долбоор аткарылды. Айыл өкмөтүнүн аймагында 2017-жылдын 9 айында инвестиция жана элди мобилизациялоо менен аткарылган иштердин көлөмү 14 млн 144 миң сомду түзөт. Анын ичинен республикалык бюджеттен 3 млн 100 миң сом, тышкы инвестиция 2 млн 300 миң сом. Жамаатардын эсебинен 1 млн.120 миң сом, жеке ишкерлер эсебинен 2 млн. 100 миң сом. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5 млн 524 миң сом. Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 9 йында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлы деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айындагы бюджеттин кирешеси 13 млн 597 , миң 600 сом, чыгаша бөлүгү 9 млн 954, миң 800 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-кварталындагы негизги милдети болуп төмөндөгү иштер белгиленсин:
-айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү;
- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 10 пайызга өсүүсүн камсыз кылышсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |