Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017- жылдын 25-октябры № VIII-2
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы “Гулистан айыл өкмөтүнүн тургундарына турак жай куруу үчүн берилип жаткан жер участкаларынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү” №54-каты тууралуу
Гулистан айыл өкмөтү жогоруда аталган катта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-жылдын 1-июнунда “Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жоңүндөгү №326 токтомун кабыл алган. Ушул токтомдун негизинде айыл аймагынын Кочкор Ата участкасынан 12,49 га жер аянтын айыл аймагынын тургундарына турак жай куруу үчүн жер участкаларынын берүү пландаштырылган.. Азыркы күнгө келип айыл өкмөтүндө жер участкаларын ажыратып берүү жөнүндө 654 арыз катталып нөөмөткө коюлган. Жер участкасын алуу боюнча нөөмөткө коюлгандародын саны көп экендигин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суулу жер аянттарынан жер участкалары берүүгө мораторий жарялангандыгына байланыштуу берилип жаткан жер участкаларынын өлчөмүн 0,05 гектарга бекитип берүүнү суранган.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 54-катын көрүп чыгып, айыл омөтүндө турак жай куруу үчүн нөөмөттө тургандардын саны көп экендигин эсепке алып, жер участкалары 0,05 га (беш сотых) тан берилсин.
2. Ушул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, ишмердүүлүк жана социалдык инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |