Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-октябры № VIII-3
Гулистан айыл кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы “Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү” №IV-2-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтү 2017-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттте пландаштырылган кирешесин толугу менен аткарылып, жергиликтүү бюджет жылдык планга салыштырмалуу 738100 сом кошумча акча каражаты жыйналган. Гулистан айыл өкмөтүнүн кошумча жыйналган акча каражатын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн берген сунушун карап чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү максатында айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айлык бюджетиин жыйынтыгы боюнча жылдык планга салыштырмалуу кошумча жыйналган 738 100 сом акча каражаты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында төмөндөгү иштерге жумшалсын:
706-бөлүмдүн 31113290-беренесине 146 600 сом (Фрунзе айылынын “Тытзар” учаскасына таза суу үчүн скважина казуу);
706-бөлүмдүн 22211200-беренесине 20 000 сом (Фрунзе айылындагы Вахм учаткасындагы таза суу скважинасын калыбына келтирүү үчүн);
701-бөлүмдүн 31112390-беренесине 215 750 сом (Гулистан айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык ремонтто боюнча артыкча аткарылган жумуштар жана материалдарды сатып алуу) ;
709-бөлүмдүн 3112290-беренесине 200 000 сом (Гулистан айылындагы Г.Гулям орто мектебине от казан сатып алуу);
701-бөлүмдүн 31123220-беренесине 94 250 сом (Гулистан айыл өкмөтүнүн административдик имаратына эмеректер сатып алуу);
709-бөлүмдүн 31122290-беренесине 25 000 сом (Кызыл Сай айылынын Чили Сай орто мектебине от казан сатып алуу);
704-бөлмдүн 22154200-беренесине 36 500 сом (“Сатнур” ишканасынан болгон карызды төлөө).
2. Бөлүнгөн акча каражаттарын максатту пайдалануу жагы Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |