Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017- жылдын 25-октябры № VIII-4
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-сентябрындагы “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы “Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жоңүндөгү” №326 токтомунун негизинде турак жай курууга жер берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндөгү” №166-токтомун бекитип берүү тууралуу
Гулистан айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы “Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жоңүндөгү” №326 токтомунун негизинде турак жай курууга жер берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндөгү” №166-токтомун 2017-жылдын 16-сентябрында кабыл алган. Гулистан айыл аймагында азыркы күнгө чейин турак жай куруу үчүн арыз берген жарандардын саны 1500 кишиден артык болгондугун эсепке алып, мамлекетибиздин негизги мыйзамы болгон Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” негизинде жана турак жай куруу үчүн жер аянты ажыратып берүү боюнча нормативдик-укуктук актылардын негизинде ачык айкындуулук менен, уй бүлөлөрдүн жашоо шартына карап жер аянтын ажыратып берүү бюонча атайын комиссия түзүлгөн.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы “Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жоңүндөгү” №326 токтомунун негизинде турак жай курууга жер берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндөгү” №166-токтому бекитилсин
2. Жеке менчик турак жай куруу үчүн берилип жаткан жер аянттарын жарандардын арыздарынын негизинде, уй бүлөлөрдүн жашоо шартына карап, ачык айкындуулук менен бөлүп берүү жагы жаңыдан уюшулган атайын комиссияга тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөө жагы айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |