Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-сентябры № 166
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1- июнунда Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына көтөрүү жөнүндөгү № 326 токтомун негизинде турак жай курууга жер берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айыл аймагында жайгашкан жерлерди Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына калктуу конуштардын жерлери категориясына көтөрүү жөнүндөгү № 326 токтомунун аткарууга алып, Гулистан айыл аймагында азыркы күнгө чейин жеке менчикке турак жайы куруу үчүн арыз берген жарандарды саны 1500 кишиден артык болгондугу эсепке алып, мамлекетибизди негизги мыйзамы болгон Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси жөнүндөгү” жана башка турак жай куруу үчүн жер аянты ажыратып берүү боюнча укуктук акттарды негизинде ачык айкындуулук менен үй-бүлөлөрдү жашоо шартына карап жогорудагы мыйзамдардын негизинде турак жай үчүн жер аянты ажыратып берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1- июнунда Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына көтөрүү жөнүндөгү № 326 токтомун аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
Гулистан айыл өкмөтүндө жеке менчикке турак-жайы куруу үчүн жер аянты берүү боюнча төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн.
Тойчиев Толкин- Айылдык кеңешинин депутаты, комиссиясын төрагасы. (макулдугу менен)
Айбашов Ибрагим – Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын орун басары.
Раимбердиева Гулчехрахон- Гулистан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
Тажимаматов Алимжан – Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл чарба тарамагы боюнча башкы адис, комиссия мүчөсү.
Мирзаев Бокижон – Айылдык кеңешинин депутаты, комиссия мүчөсү (макулдугу менен)
Мирзакулов Умаржон - Айылдык кеңешинин депутаты, комиссия мүчөсү (макулдугу менен)
Алимжанов-Сайфулло - Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл башчысы, комиссия мүчөсү
Шакиров Жума – Гулистан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сай участкасынын көчө комитетинин төрагасы, комиссия мүчөсү.
Холмуродов Абдулпатто - Айылдык кеңешинин депутаты, комиссия мүчөсү (макулдугу менен)
Мамарасулов Пазилжон – Гулистан айылынын көчө комитетинин төрагасы, комиссия мүчөсү.
Хасанов Хамидилло – Гулистан айыл өкмөтүнүн “Хасанхан-төрө” жамаатынын жетекчиси.
Комиссияга; Өздөрүнүн ишин ачык-айкындык менен арыз берген кишилерди үй-бүлөсүнүн абалын көрүп жогорудагы укуктук акттарды негизинде жүргүзүүсүн.
-Комиссия ишине тийиштүү документтер менен камсыз кылуу арыз берген кишилерди жайга барып көрүү үчүн шарт түзүп берүү Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл чарба тармагы боюнча башкы адис А.Тажимаматовко тапшырылсын.
Гулистан айыл өкмөтүнүн жеке менчикке турак-жай куруу жер аянты ажыратып берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндөгү токтомун бекитип берүү жагы Гулистан айылдык кенешинин сессиясынан суралсын.
Төрага | Э.Шаназаров |