Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-марты № X-1
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдин жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү максатында Гулистан айыл кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына акча каражатынан калган калдыкты №1-тиркемеге ылайык иштетуу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. 701-бөлүмгө Гулистан айыл өкмөтүнүн электр энергиясынан болгон карызын төлөө үчүн 42,5миң сом; Ч.П Гафаровдон болгон карызын төлөө үчүн 30,2 мин сом жана айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонтоодон калган карызды төлөө үчүн 335,0 миң сом. Бардыгы болуп 407,7 миң сом 2017-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
3.70421-бөлүмгө Ноокат архитектурасына 2017-жыл ичинде төлөнбөгөн карызын төлөө үчүн 157,2 миң сом; ОсОО “Стиль-ТНК” ишканасынан электр энергиясынан пайдалануу үчүн тех условия алууга болгон карызды төлөөгө 46,0 миң сом; Ч.П Нуруддинов ишканасынан ар түрдүү плакаттар, лозунгдар жасатуу үчүн болгон карызды төлөө үчүн 71,7 мин сом; “Адыр” участогундагы скважинанын электрэнергиясынын акын төлөө үчүн 100 миң сом- бардыгы болуп 374,9 мин сомду 2017 жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
4. 706-бөлүмгө Гулистан айыл өкмөтүнүн “Адыр” участогунда электролиния тартуу жана КТП-100 кВт трансформаторун орнотуу боюнча кошумча аткарылган жумуштар үчүн төлөөгө 115,5 миң сом; Гулистан жайыт комитети АРИС проекти боюнча сатып алган тракторлордун айыл өкмөтүнүн салымынан калган карызды төлөө үчүн 224,4 миң сом бардыгы болуп 339,9 миң сомду 2017 жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
5. 709-бөлүмгө Гулистан айыл өкмөтүнүн мектеп жана балдар бакчаларин электр энергиясынан болгон карызын төлөө үчүн 114,5 миң сомду 2017 жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышына козомолдук кылуу жагы депутаттардын Гулистан айыл кенешинин “Экономика, бюджет жана инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |
Гулистан айыл кенешинин (V1-шайланган)
кезектеги 1Х-сессиясынын
№ 1Х-6 токтомуна № 1 тиркеме
Гулистан айыл окмотунун 2018жылдын 1-январына калган акча каражатын эсебинен киргизилген толуктоолор (мин сом)
2018жыл 1-январга болгон калдык | 1237,0 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 1237,0 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 407,7 |
Экономикалык маселелер | 374,9 |
Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 339,9 |
Билим берүү | 114,5 |
Чыгашалар жыйынтыгы: | 1237,0 |
Гулистан айылокмотунун жооптуу катчысы : Д.Эрназарова.