Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-апрели № XI-I
Гулистан айыл аймагында жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча
Гулистан айыл өкмөтү тарабынан жаштар арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча бир топ ийгиликтүу иштер аткарылган. Бирок ошого карабастан айыл аймагында жаштар арасында кылмыштуулуктун саны көбөйгөн. Айрыкча 2018-жылдын 30-мартында Бостон айылында жаштар ортосунда болуп өткөн чыр-чатактын кесепетинен 1986-жылы туулган Бостон айылынын тургуну Абдукадиров Ахмадилло Анваржанович каза болгон. Бул окуя айыл аймагыбыздын бардык тургундарын чоң өкунучкө салды. Болуп өткөн бул өкүнүчтүү окуянын себептерин тактоо,мындан ары мындай окуялардын алдын алуу максатында 2018-жылдын 7-апрелинде айыл тургундарынын жалпы чогулушу болуп өткөн. 2018-жылдын 10-апрелинде айыл аймагынын тургундарынын жалпы чогулушу өткөрүлүп, жалпысынан 350 адам катышты. Катышуучулар жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча өз пикирлерин билдиришти. Гулистан айыл өкмөтү 2018-жылдын 6-апрелинде ушул окуя боюнча №30 токтом кабыл алган жана жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш чараларды бекитип берүүнү сунуш кылган.
Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагында жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук уюмдар: кооомдук алдын алуу борбору, аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар комитети, ардагерлер кеңешии тарабынан жээтерлик иш жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин.
2. Гулистан айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынган жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо боюча иш чаралардын планы жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иштерин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүу мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде бир ай мөөнөт ичинде көчө комитеттеринин төрагаларын шайлоо иштери жүргүзүлсун.
4. Мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча метептин ички тартибин иштеп чыгып аткарылышын камсыз кылуу Гулистан айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилирение жүктөлсүн.
5. Жамаатар арасында диний тарбияны күчөтүп, ата-энелердин балдар тарбиясына жоопкер экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
6. Айыл аймагындагы оюн-зоок өторүлүчү жана тамактану жана башка кызмат көрсөтүүчү жайлардын кечки саат 10 дон кийин иштөөсүнө тыю салынсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча айыл кеңешине квартал сайын билдирүү берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бардык туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |