Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-июлу № XII-I
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга I-жарым жылдыгын жыйынтыгы II-жарым жылдыктын милдетти жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджети 2017-жылдын 19-декабрында айыл кеңеши тарабынан бекитилип берилген. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджеттин аткарылышы боюнча бир катар ийгиликтүү иштер аткарылды. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын биринчи жарым жылдыкта аткарылышын айыл кенештин “Экономика бюджет жана инвестиция” боюнча туруктуу комиссия карап чыгып өзүнүн корутундусун берген. Гулистан айыл кеңеши Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын I-жарым жылдыктын бюджетинин жыйынтыгын карап чыгып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексин негизинде Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын I-жарым жылдыктын аткарылышын карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын I-жарым жылдыкта социалдык-экономикасын жыйынтыгы кемчилдиктерди белгилөө менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын I-жарым жылдыкта бюджеттин кирешеси 7490,4миң сом , чыгашасы 7385 миң сом кылып бекитилсин.
3. Гулистан айыл өкмөтүнүн I-жарым жылдыкта бюджетине түшкөн кошумча акча каражаттары (Билим берүү мекемелеринин ремонт иштерине калкты ичимдик суу менен камсыз кылууга жана сугат суу тармактарынын ремонттоо иштерине) иштетилсин.
4. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин экономика бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |