Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-июлу № XII-2
Гулистан айыл өкмөтүнүн футбол стадионун аймагында убактылуу мөмө-жемиш жана башка айыл-чарба продукциялар соодасы үчүн жер аянтын ажыратып берүүүчүн соода жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө
Гулистан айыл кеңеши Гулистан айыл өкмөтүнүн борборундагы О.Солтобаев көчөсүндөгү жаз айларындагы баш аламан мөмө-жемиш, тарбыз-коон жана башка айыл-чарба продукциялары менен соода жүргүзүлүшү жүргүнчүлөрдүн, автоунаалардын иш-аракеттерине терс таасирин тийгизип, азыркы күндө коомдун коопсуздук жаратып жаткандыгы белгилүү. Гулистан айыл кеңеши бул маселе боюнча элдердин кайрылуусун Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-июнундагы № 120 сандуу сураныч катын жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 5-июлундагы айыл өкмөтүнүн сураныч катынын негизинде № 1-10/898 сандуу сунуш катын карап чыгып О.Солтобаев көчөсүндөгү жол жакынындагы баш аламан мөмө-жемиш жана айыл-чарба продукциялар боюнча соода жүргүзүүнү тартипке келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн футбол стадионунун аймагында мөмө-жемиштерди жана башка айыл-чарба продукциялары боюнча соода жүргүзүүгө жер ажыратып убактылуу соода жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн О.Солтобаев көчөсүндөгү баш аламандыкты, жол жакасында мөмө-жемиш менен соода жүргүзгөн кишилерге, ишкерлерге шарт түзүп берип убактылуу стадиондун аймагына киргизилсин.
3. Гулистан айыл кеңеши тарабынан Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 5-июлундагы айыл өкмөтүнүн сураныч катынын негизинде № 1-10/898 сандуу сунуш каты колдоого алынып, Гулистан айыл өкмөтүнүн аймагындагы мөмө-жемиштер жана башка айыл-чарба продукциялары футбол стадионунун аймагына киргизилсин, аны көзөмөлдөө Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Жогорудагы иш-чараны аткаруу боюнча айыл өкмөтү, айыл кеңешинин депутаттары менен биргеликте жумушчу топ түзсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |