Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-марты №11/1
Жайыт комитетинин эсебине акча которуу жөнүндө
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнө жайыт комитетинен жайыт акыдан казынага төгүлгөн акча каражатынын 3/2 бөлүгү болгон 2017-жылда которулбай калган 62 мин 900 сом акчасы жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги жайыт комитетинин жогорудагы акча каражатын которуп берүү айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Б. Мамановго тапшырылсын.
3. Жайыт комитетине которулган акчаны түзүлгөн сметага карап өз максатында иштетүү жагы жайыт комитетинин төрайымы А.Жунусмаматовага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Б. Арынбаев |