Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели №12/2
Ленин айыл окмотунун Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө
Ленин айыл өкмөүнүн Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Кулуевдин билдируусун угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Кулуевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүу жана көчүп келүүсү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аба ырайына байланыштуу көчүп кетүү мөөнөтү 1-майдан , көчүп келүүсү 5-сентябрга чейинки мөөнөт белгиленсин.
3. Ленин айыл өкмөтүнө сырттан келген малдарга 1 сезонго майда жандык 50 сомдон,бодого 200 сомдон,аары ящиктерге 200 сомдон налог өндүрүлсүн, койлорду кыркым үчүн ар бир койго 30 сомдон бекитилсин жана өндүрүлгөн акча каражаты айылдын көйгөйлүү маселелерине жумшалсын.
Бул боюнча отчет берүү ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Арынбаев |