Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели № 12/3
Ленин айыл өкмөтүндөгү Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын директору Т.Жусуеванын 2018-жылдын 20-апрелиндеги билдирүүсү 2 (эки) баш торпок сатуу жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүндөгү Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын директору Т.Жусуеванын 2018-жылдын 20-апрелиндеги балдар бакчасынын көмөкчү чарбасынан 2 (эки) баш торпок сатуу боюнча билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүндөгү Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын директору Т.Жусуеванын 2018-жылдын 20-апрелиндеги балдар бакчасынын көмөкчү чарбасынан 2 (эки) баш торпок сатууга уруксат берилсин жана төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1. Г.Кулуев – Ленин айылдык кенештин депутаты (макулдашуу менен)2. А.Апсатаров - Ленин айылдык кенештин депутаты (макулдашуу менен)
3. Т.Жусуева – балдар бакчасынын директору.
4. У.Турдубекова – балдар бакчасынын – профсоюз уюмунун төрайымы.
5. А.Матеипов – Согонду айылынын айыл башчысы.
2. Тиешелүү бухгалтериялык документтерин айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына тапшыруу жагы Т. Жусуевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Арынбаев |