Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели № 12/4
Ленин айыл өкмөтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга бюджетинин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга бюджетинин болжолдуу планын бекитүү боюнча айылдык Кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаевнанын билдирүүсүн жана Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун докладын угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 23396,0 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 23396,0 мин сомго бекитилсин.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-2020-жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 23210,3 мин сомго бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 2019-2020-2021-жылдарга 615,0 мин сомго бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Арынбаев |