Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели №12/6
Ленин айыл өкмөтүнүн №35 Сатар Карыев атындагы орто мектептин директору З.Сарыбаевдин билдирүүсү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн №35 Сатар Карыев атындагы орто мектептин директору З.Сарыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн №35 Сатар Карыев атындагы орто мектептин директору З.Сарыбаевдин билдирүүсү эске алынсын..
2. Ленин айыл өкмөтүнүн №35 Сатар Карыев атындагы орто мектептин көмөкчү чарбасындагы малдарын багуу үчүн Күн-Элек айылынын Жаман-Ой участкасындагы кайракы жерден 65 сотых жер чөп оруу үчүн пайдаланууга берилсин.
3. Берилген жердин тиешелүү документтерин бүткөрүү айыл өкмөтүнүн жер жана ӨК боюнча башкы адис Н.Нурдиновко милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Арынбаев |