Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-майы №1
Акназаров айылдык аймагынын 2019-2021-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы Акназаров айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Акназаров айылдык аймагынын 2019-2021-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 13316,3 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 13316,3 миң сом менен сунушталсын.
2. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 13424,2 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 13424,2 миң сом менен сунушталсын.
3. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 13503,4 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 13503,4 миң сом менен сунушталсын.
4. Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айылдык аймагынын айыл кеңешинин бюджет финансы комиссиясынын төрагасы Э.Мусалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Р.Рысматов |