Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-октябры 5/1 токтому
Көтөрмө айыл аймагында көрктөндүрүүнүн,жашылдандыруунун жана санитардык тазалоонун жүрүшүндө аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айыл аймагында көрктөндүрүүнүн,жашылдандыруунун жана санитардык тазалоонун жүрүшүндө аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгы жөнүндөгү комиссиянын төрагасынын маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Жыл ичинде иштердин жыйынтыгын аягына чейин чыгаруу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Төрага | Айтмат уулу Акжол |