Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры 7/1
Көтөрмө айыл өкмөтүнө келип түшкөн жергиликтүү жарандардын арыз даттанууларын кароодо Кыргыз Республкасынын 2009-жылдын 4-майындагы “Жарандардын кайрылуулардын кароо тартиби жөнүндөгү” №67 Мыйзамын жана КР Президентинин 2007-жылдын 22-февралындагы “КР аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн абалын жакшыртуу” жөнүндөгү №71 жарлыгынын негизинде арыз датануулардын аткарылышы жана аткаруучулук тартип жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айыл өкмөтүнө келип түшкөн жергиликтүү жарандардын арыз даттанууларын кароодо Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 4-майындагы “Жарандардын кайрылуулардын кароо тартиби жөнүндөгү” №67 Мыйзамын жана КР Президентинин 2007-жылдын 22-февралындагы “КР аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн абалын жакшыруу” жөнүндөгү №71 жарлыгынын негизинде арыз датануулардын аткарылышы жана аткаруучулук тартип жөнүндөгү маалымат жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчы З.Баатыровага тапшырылсын.
Төрага | Айтмат уулу Акжол |