Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры 7/4
Айыл өкмөтүндө салык төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча план тапшырмалардын аткарылышы жана жеңилдиктерден пайдалануучу жарандардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө салык төлөмдөрүнөн женилдиктерден пайдалануу боюнча 344- беренесинен негизинде Көтөрмө айыл аймагындагы Ооган коогаланынын,Чернобль кырсыгынын катышуучулары,пенсия жашындагылар жана 1,2 топтогу майыптар,мектеп жашындагы 4 же андан көп балалуулар физикалык жер салык төлөмдөрүнөн жана өз ара төлөмдөрүнөн бошотулсун.
2. Тамарка салыгы зоналык коэффициенти (К3) 1,2 эсебинде калтырылсын.
3. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Тамаша,Кара-Шоро айылдарынын жашоочулары физикалык жер салыктарынан 50% пайызга бошотулсун.
4. Айыл чарбасына жараксыз жер салыгынын коэффиценти (К3) 1,2 эсебинде калтырылсын.
5. Акыр чикир чыгаруу өз ара салыгы 100сом эсебинде калтырылсын.
6. Жыл аягына чейин план боюнча берилген салык төлөмдөрүн толугу менен толтуруу жагы Киреше бөлүмүнүн башчысы М.Султановго тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бөлөмүнүн башчысы А.Тажибаевага жана киреше болумунун башчысы М.Султановго жуктолсун.
Төрага | Айтмат уулу Акжол |