Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-марты 9/1
Узундугу 13 километр келген Жийделик-Ак-Кыя автомобиль жолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндө
Баткен облусунун Кадамжай районундагы узундугу 13 километр келген Жийделик-Ак-Кыя автомобиль жолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районундагы узундугу 13 километр келген Жийделик-Ак-Кыя автомобиль жолу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин карамагына өткөрүлсүн.
2. Автомобиль жолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин карамагына алуу боюнча тиешелуу иш кагаздарын Кадамжай райондук ДЭП кызматы менен биргеликте даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Эгембердиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Айтмат уулу Акжол |