Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну 10/1
Жайыт комитетинин 2018-жылга иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2018-жылга карата иш планы жана бюджети бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун (АРИСтин) “Айыл чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоору аркылуу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине сатылып алына турган өздүк салымынын Көтөрмө айыл өкмөтүнөн 400 000 сом,жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 170 000 сом каржыланып берилсин.
3. Техника сатып алынуучу жалпы суммасынын (2300 000) сомдун 25%ын 575 000 сомун каржылап берүү жагы “Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунан (АРИСтен)суралсын.
4. Өздүк салым катары каржылануучу каражатты мыйзам чегинде каржылап берүү Көтөрмө айыл өкмөтүнө жана ЖППга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | Айтмат уулу Акжол |