Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу 11/1
Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак айылынын Даш участкасына таштанды таштоочу жай жана Беккери чуңкурун салууга жайыт жерлерин калктуу конуштар категориясына которуу (транцформациялоо)жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак айылынын Даш участкасына таштанды таштоочу жай жана Беккери чуңкурун салууга жайыт жерлерин калктуу конуштар категориясына 0,15 га жер аянты которулсун.
2. Которулуучу (транцформациялоо) жер аянттарынын тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Айтмат уулу Акжол |