Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу 12/3
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 26.04.2018-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 13.04.2018-жылдагы №01-25/117 сандуу катын аткаруу жөнүндөгү» №1-17/04-854 сандуу катын аткаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 26.04.2018-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 13.04.2018-жылдагы №01-25/117 сандуу катын аткаруу жөнүндөгү» №1-17/04-854 сандуу каты жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 06.04.2018-жылдагы №01-18/41 буйругунун негизинде кабыл алынган муниципалдык менчиктеги кызматтык автоунааларды реализациялоо жөнүндөгү Жобосу бекитилсин жана колдонууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тажибаевага тапшырылсын.
Төрага | Айтмат уулу Акжол |