Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-майы №1
2018-жылдын 18-май Кара-Алма айылы “Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылы бекитилген чыгымдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 6 айынын киреше жана чыгашаларын эске алуу менен Кыргыз Респуликасынын Бюджеттик Кодексинин № 115 - беренесине ылайык, Кара-Алма айылдык Кеңеши талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2018- жергиликтүү бюджетинин ТЖККК бөлүмүнүн ар түрдүү чыгымдар беренесинен 435 100 (төрт жүз отуз беш мин) сом, акча каражаты ушул эле бөлүмдүн имараттар жана курулмалар беренесинин, беренелер аралык (статья) жылдырылсын.
2. Кара-Алма Балдар Бакчасынын от канасын, ички жылытуучу түтүкчөлөрүн курууга 200,1 (экүү жүз миң бир жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 30,0 (отуз)мин сом, акча каражаты Кара-Алма айыл өкмөтүнүн аймагына санариптик теле берүүнүн чагылдыруучу аппаратына, электр чубалгысын тартууга жана столба отургузууга жумшалсын.
4. Улак-Чапчуу участкасына 30,0 (отуз) миң сом, Сай участкасына 30,0 (отуз) миң сом, Ак-Терек участкасына 50,0 (алтымыш) миң сом, Урумбаш айылынын Алмурут участкасына 50,0 (элүү)миң сом, жалпы 160,0 (бир жүз алтымыш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. 5Кара-Алма, Орток айылындагы жер көчкүгө туш болгон үй - бүлөлөр мамлекет тарабынан жер тилкесин, үй жай курууга ссудасын алып көчпөй жаткандыгына байланыштуу жарандарды Сот аркылуу мажбурлоо жолу менен көчүрүп чыгарууга (юридикалык кызмат көрсөтүүгө) 45,0 (кыры беш миң)сом өлчөмүндө жумшалсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы И.Т.Алимовко, аткарууну ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиевага милдеттендирилсин.
7. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыя болгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |