Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18- майы № 2
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылга долбоорун 2020-2021- жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндөгү 2018-жылдын 18-майында Кара-Алма айылында болуп өткөн коомдук угуунун протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы И.Алимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 2019- жылга долбоору Республикадан берилүүчү теңдөө гранты менен кошулуп 6122,8 миң сом, 2020-жылга 6029,3 миң сом, 2021-жылга божомолу 6049,3миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Республикадан берилүүчү теңдөө грантынын көлөмү 2019-жылга долбоору 4225,3 миң сом, 2020-2021- жылга божомолу 4111,8 миң сом өлчөмүндө бекитилип, биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, соц фондго чегерүүлөр, тамак- аш, коммуналдык чыгымдарды) каржылоого багытталсын.
3. Кыргыз Республикасынын "Бюджеттик кодекси", КРО нун токтомдору менен бекитилген ченемдик укуктук актыларга жана айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн коомдук угууларда талкууланган маселелердин негизинде, айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдары 2019-жылга долбоору 6122,8 миң сом, 2020-жылга божомолу 6029,3 миң сом, 2021-жылга божомолу 6049,3 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
4. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитилген 2019-жылга долбоору жана 2020- 2021-жылдарга божомолун жалпы мамлекеттик бюджетинин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак райондук башкармалыгына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |