Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июлу №1
Кара-Алма айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын бекитүү жана бюджеттин сметалык чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмөтү Республикалык бюджеттен берилген 1500,0 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жана айыл өкмөттүн 29.06.2018-жылдагы №118/1 сандуу буйругун эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөфинансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен бөлүнүп келген 1500,0 миң сом акча каражаты, төмөнкүдөй бөлүмдөр жана беренелерге бекитилсин.
2. Кара-Алма айыл өкмөтүнө караштуу мектептер, балдар бакчасы, аппарат жана маданият бөлүмдөрүнө күз-кыш мезгилдери үчүн көмүр менен камсыз кылуу үчүн , көмүр сатып алууга 522,5 миң сом бекитилсин.
3. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн Багыш агай негизги мектебинин китепканасы жоктугунан китептерди сактоодо кыйынчылык туудуруп жатканына байланыштуу жаңы китепкана курууга 180,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
4. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн Орток айылынын Т.Алыбаев мектебинин ашканасынын азыркы мезгилде авариялык абалында турганын мектеп директору тарабынан 09.06.2018-жыл № 81 сандуу кайрылуусунун негизинде ашканасынын учурдагы оңдоо жумуштарына 200,0 миң сом бекитилсин.
5. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн Т.Кубатбеков орто мектебинин инвентарлары (парта, стул жана башка) эскилиги жетип жарабай калгандыгынан мектеп директору тарабынан келген кайрылуусунун негизинде инвентарь сатып алып берүүгө 100,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
6. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сай участкасынын тургундары таза суудан кыйналып жатканынан айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде Беш-Жаңгак суусун айыл ичиндеги турак үйлөргө жеткирүү үчүн полиэтилен трубасын сатып алып берүүгө 164,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
7. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында айыл ичиндегиселге каршы арыктарды каздырууга, табигый кырсыктардын алдын алууга, жолдорду оңдоого, шагыл төшөөгө, жана айылдарды бириктирүүчү көпүрөлөрдү оңдоо жумуштарына 333,5 миң сом акча каражаты бекитилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөт башчысы И.Т.Алимовко, аткарууну ФЭБбөлүмүнүн башчысы Н.Шералиевага милдеттендирилсин.
9. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялангандан күндөн тартып, күчүнө кирет .
Төрага | К. Сооронбаев |