Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июлу №2
Сузак районунун жана Кара-Алма айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын сунуштоо жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмөтүнүнө караштуу көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келишкен атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө айылдык Кеңештин депутаттары М.Орозалиев, М.Боронбаев, А.Эрмековдордун жана айыл өкмөтүнүн сунуштарын угупжана талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак районунун “Ардактуу атуулу” наамына
Артыков Бакыт
Назанов Кыралы
Тенизбаев Мирлан
Мусаева Динара
2. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына
Жамакеев Нуркамил
Маматалиев Медет
МаматовНурбек
3. Кара-Алма айылдык Кеңешине сунушталып көрсөтүлгөн “Ардактуу атуул” наамын берүү жагы Сузак районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Алма айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып, күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |