Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу №1
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдагы алты айлык отчету жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги X- сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин алты айлык отчету боюнча ФЭБ башчысы Н.Олжобаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин алты айлык отчету №1,2 тиркемелерге ылайык канааттандырылсын.(тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жоопту катчынын милдетин аткаруучуга милдеттендирилсин.
3. Бала бакчага ( Байчечекей, Баластан) кошумча 1 тайпадан ачылгандыктан, 2018-жылдын сметасынын атайын каражаттан 70911 бөлүмүнө кошумча план киргизилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. А. Масабиров |