Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу №3
Жайыт комитетининАРИС тарабынан алынган тракторду баланска алуу жана иштетүү тарифтерин бекитүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги X- сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү”долбоору аркылуу алынып келинген(лонкинг маркасындагы) тракторду айыл өкмөттүн балансына өткөрүү жана иштетүү тарифтерин бекитүү жөнүндөгү Жайыт комитетинин төрагасы М.Тургуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн балансына АРИС тарабынан Жайыт комитетине келген трактору кабыл алынып, иштетүү тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Тракторду иштетүүдөгү эмгек акысы-1саатына-3000сомдон акы алуу бекитилсин.
-Жергиликтүү маселелерди аткаруу үчүн айыл өкмөт тарабынан берилген жумуштарга, аймактагы аз камсыз болгон жакыр үй бүлөлөргө эмгек акысы төлөнбөй, күйүүчү майын куюп берүү жагы гана каралсын.
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жоопту катчынын милдетин аткаруучуга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. А. Масабиров |