Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу №4
Карача айылынан чыккан ырчы Мурадил Данияровдун тушоо кесүү концертине демөөрчүлүк көрсөтүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги X- сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылынын тургуну ,жаныдан таанылып ырчы болуп жаткан Мурадил Данияровдун туулган жери болгон Базар-Коргон районунун элине жеке чыгармачылык тушоо концертин бекер тартуулоо максатында уюштуруу иштерине материалдык колдоо көрсөтүүнү сурап кайрылган арызын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылынын тургуну Мурадил Данияровдун 31-август Эгемендүүлүк күнүнүн 27жылдыгына карата Базар-Коргон элине тартуулап жаткан тушоо концертин уюштурууга демөөрчүлүк көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 35000 (отуз беш мин)сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жоопту катчынын милдетин аткаруучуга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. А. Масабиров |