Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 9-августу №5
Бешик-Жон айыл аймагындагы Шайлоо участкаларынын шайлоо комиссяларынын курамдарын бекитүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги X- сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын Бешик-Жон, Карача, Жон , Баймундуз айылдарынын №2041, №2042, №2043, №2044 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди жана резервдерди көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколун (тиркемелер тиркелет) угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагындагы Бешик-Жон, Баймундуз, Карача, Жон айыл тургундарындагы элдик жыйындын протоколу менен сунуш кылынган талапкерлер №2041, №2042, №2043, №2044 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине көрсөтүү үчүн №1 тиркемеге ылайык кабыл алынсын. (тиркеме тиркелет)
2. Сунуш кылынган талапкерлердин тиешелүү документтери “ Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү ” жоболоруна ылайык даярдалып, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруу жагы тайыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жоопту катчынын милдетин аткаруучуга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. А. Масабиров |