Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу №6
Ар түрдүү маселелер
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги X- сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын тургундарынан жана мекемелерден түшкөн арыздарды угуп жана талкуулап ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылындагы №42 К.Сооронбаев орто мектебинин директору мектепке ажааткана куруп берүү жөнүндөгү арызы боюнча 2018-жылдын аягындагы жергиликтүү бюджетте үнөмдөлгөн акча каражаты болуп калса курулуп берилсин.
2. Бешик-Жон айылынын тургуну Б.Парманованын борбордук стадиондун курулмасынын бузуудан чыккан темирлерди сатып алуусун сурап кайрылган арызы боюнча курулмадан чыккан темирлер сатылбай, баланска алынып,убактылуу сакталсын.
3. Баймундуз айылында жашоочу Эрмекбаева Таджисахандын үй-бүлөсүндө II-топтогу 2 майып жашагандыгы үчүн, ошондой эле жашаган үйү авариялык абалда экендигин эске алып турак жайын куруп бүтүрүүгө айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен жардам берилсин.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жоопту катчынын милдетин аткаруучуга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. А. Масабиров |