Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 7
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө
Бешик-Жон айыл аймагында артыкчылыктуу маселелерди чечүүдө ачык-айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик эмес уюумдары тарабынан айылдын өнүгүүсү үчүн берилген акча каражаттарынын ачык-айкындуулугун камсыздоо боюнча күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагында артыкчылыктуу маселелерди чечүүдө ачык-айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик эмес уюумдары тарабынан айылдын өнүгүүсү үчүн берилген акча каражаттарынын ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында айыл аймактык биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн.
Карымшакова Максуда -айыл өкмөтүнүн экономист-статисти комиссянын
төрайымы
Мүчөлөрү
Тургунов Мырза -Айылдык кеңешитин депутаты (макулдашуу менен)
Олжобаева Нуржамал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы.
Кубатов Кыял - айыл өкмөтүнүн жер адиси
Арзиева Миндайым - Айялдар кеңешинин төраймы.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүен орун басары Ж.Буркановко жүктөлсүн.
Төрага | А. А. Масабиров |