Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 8
Муниципалдык менчик обьектилерин башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актыларына ылайык түзүлгөн муниципалдык менчик обьектилерин башкаруу тартиби жөнүндө жобону угуп жана талкуулап, Бешик-Жон айылдык кеңеш:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерин башкаруу тартиби жөнүндө жобосу бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом жана Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерин башкаруу тартиби жөнүндө жобону жана реестри Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн www.Beshikjon.kg веб сайтына жарыялансын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бешик-Жон айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | А. А. Масабиров |