Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-октябры № 14/2
Аксы районундагы ДЭП-12 ишканасынын аткарып жаткан иштеринин абалы жонундо маалыматы
Аксы районунун ДЭП-12 ишканасынын жетекчиси А.Муратбековдун Кербен шаарынын ичиндеги автожолдордун абалы жана аткарылып жаткан иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап чыгып,
Кербен шаардык Кеüешинин VII чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы районунун ДЭП-12 ишканасынын жетекчиси А.Муратбековдун Кербен шаары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр жай, транспорт, курулуш, архитектура жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ормоналивге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шадыбеков |