Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-октябры № 1
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 21.12.2017-жылдагы IV сессиясынын 11-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынан келип түшкөн 21.09.2018-ж. чыг.№02-03/2434-каттын негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэри М.Тагаевдин баяндамасын угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 21.12.2017-жылдагы IV сессиясынын 11-токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй түзөтүлсүн: “Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков, 53-1 дарегинде жайгашкан мурдагы жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү жана консервалоочу комбинатына караштуу 1,05 гектар жер аянтын жана жер аянтында курулган имаратты Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине баланска кабыл алууга макулдук берилсин”.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, трнаспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына (М.Туманов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |