Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-октябры № 3
Жалал-Абад шаарынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин «Ардактуу Атуул» наамын ыйгаруу боюнча жобосунуну негизинде жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Чимбердиевдин баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын «Ардактуу Атуулу» наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
Сайдакпаров Мурзакул Имамалиевич- Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
Ульянкова Татьяна Абдуллаевна- СССРдин Эмгек ардагери, Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору;
Аскаров Жумабек – Жалал-Абад областтык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы;
Исаева Айчурок Шабдановна- «Достук» аймактык башкаруусунунун №16-кондоминиумунун башчысы;
Осмонов Тамерлан Орунбекович- Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 6-7-чакырылыштын 2 жолку депутаты;
Токторбаев Кыпчакбай Шермаматович- Жалал-Абад областтык ооруканасынын балдар хирургия бөлүмүнүн балдар хирургу;
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мемлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жаряланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |