Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-октябры № 5
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин 5-пунктун, 38-беренесинин, Жалал-Абад шаардык кеңешинин Регламентинин 3.4-пунктунун жана учурда төраганын орун басары болгон Э.Ормоковдун берген арызынын негизинде шаардык кеңештин кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ормоков Эрнисбек Абдижалиловичдин берген арызы канааттандырылсын.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин азчылык фракциядан төрагасынын орун басары болуп Махмудов Адахамжон Мирзаходжаевич шайланды деп эсептелинсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |