Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу № X-3
Найман айыл аймагында жайгашкан «Найман» балдар бакчасына кошумча эки тайпа ачуу жана Республикалык бюджеттен каржылануусуна киргизүу жөнүндө
Найман айыл аймагында жайгашкан «Найман» балдар бакчасынын имаратында балдарды тарбиялоого шарт жана кааналар жетиштүү болгондуктан, Кыргыз Республикасынын билим беруу мыйзамынын 7-беренесинин 15-бълумунун негизинде эки тайпага ылайык штаттык бирдик кошуп берүу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл аймагында жайгашкан «Найман» балдар бакчасына штаттык бирдик ачууга шарт жана кааналар жетиштүү экендигин эске алып, эки тайпалык штаттык орун ачууга шарт бар экендиги белгиленсин.
2. «Найман »балдар бакчасын эки тайпалык штаттык бирдик ачып берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Штаттык бирдик ачууну жана балдар бакчасында иштөөгө шарт түзүү «Найман» балдар бакчасынын жетекчиси Д.Курбаналиевага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |