Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну № 01-8/30
Баткен шаарынын аймагындагы жайытка чыгуучулар үчүн ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө
Баткен шаарынын элинин жалпы элдик чогулушунда кабыл алынган жайытка чыгуучулардын ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү максатында Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ички жайытка мал көчүрүү жыл сайын 1-апрелинен 1-июнуна чейин, алыскы жайытка көчүү 1-июнунан 20-июнуна чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрына чейин белгиленсин.
2. 2018-жылдын 1-апрелинен баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин.
3. Баткен шаарынын кварталында 2018-жылдын 1-апрелинен баштап падачы уюштурулсун.
4. Ички жайыттагы сарай ээлерине 1 ат 1-2 чейин саан уй, 10 кой-эчкиден мал алып калууга уруксат берилсин.
5. 2018-жылдын 1-апрелинен баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштурлгандыгына байланыштуу, мал ээлер кароосундагы малга көзөмөлдүктү күчөтсүн.
6. Камакка түшкөн малга түрүнө карабастан акчалай 100 (жүз) сом айып салынсын.
7. Шаар тургундары үй тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калган жайыттарга көчүү, кону эрежелерин жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга шаар уставына ылайык жоопко тартууну уюштуруу экертилсин.
8. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында катоодон өтүп Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун барасы М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |