Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 1
Ассалом кайрымдуулук” фонду тарабынан үй, тигүү цехин жана ФАП куруу үчүн Момбеков айыл Өкмөтнүн муниципалдык менчик жеринен жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Момбеков айылдык Кеңешинин депутаты Д Молошовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айылдык Кеңешинин депутаты Д.Молошовдун маалыматы эске алынсын.
2. Ассалом кайрымдуулук” фонду тарабынан үй, тигүү цехин жана ФАП куруу үчүн Момбеков айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жеринен 0,70 сотых жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Жер аянтын ажыратып берүү жагы жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |