Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 2
Жазгак айылынын тургуну Тургунбаев Кубанычбектин жазган арызын кароо жөнүндө
Жазгак айылынын тургундарынын жалпы жыйналышынын протоколунун негизинде Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматы эске алынсын.
2. Жазгак айылындагы саан короонун ичиндеги темир каркастуу курулманы 0,15 сотых жер аянты менен сары таш плиталарын кесип даярдоочу завод куруу үчүн Тургунбаев Кубанычбекке 15 жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
3. Момбеков айыл Өкмөтү менен К Турганбаевдин ортосунда эки тараптуу келишимин түзүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
4. Жазгак айылынын жакыр жашаган атуулдарына жардам көрсөтүү менен ошол көчөнүн жолдорун оңдоп-түзөө иштерине жардам көрсөтүү жагы К Тургунбаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |