Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 3
Момбеков айыл Өкмөтүнүн муниципалдык жерлерин аукцион аркылуу жеке менчикке сатуу жөнүндө
Момбеков айыл Өкмөтунун жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл Өкмөтүнүн төмөндөгү муниципалдык жерлерин аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга уруксат берилсин Чек айылындагы Ош-Бишкек жолунун жээги боз үйдүн жаны 0,54 сотых, таможняга берилген жердин жаны мазардын арткы тарабы 0,23 сотых, Жазгак айылы боюнча саан короонун ичи бузулган кирпичтин орду 0,11 сотых, саан короонун ичи турак жайлардын асты 0,09 сотых, Кыла айылында “ЭРА” АЗСтин жаны 0,03 сотых, Бостон айылында пилораманын жаны 0,11 сотых, Көп-Там айылында Жолдошов Иляздын жер участогунун жанында 0,04 сотых.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |