Редакцияот 28.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 17-сессиясы

 

2018-жылдын 28-майы № 4

2019-2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Момбеков айыл Өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөнованын айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-2020-2021-жылдарга угузган болжолдуу долбоорун угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексин” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнҮндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып Момбеков айылдык Кеңешинин ХХII чакырылышынын 17-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-2020-2021-жылдарга карата Момбеков айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин болжолдуу планы жактырылсын.

2. Момбеков айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга киреше булагы болжолдуу суммасы 10974500 сомго, 2020-жылга болжолдуу суммасы 10974500 сомго жана 2021-жылга болжолдуу 10974500 сомго бекитилсин.

3. 2019-2020-2021-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда талкуулануу менен кабыл алынсын.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж.Сейитовага жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөновага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Стамбаев