Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 1
Жайыт комитетинин ишмердүүлүгүн кароо 2018-жылга иш-планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрайымы К.Төлөнованын маалыматы эске алынсын.
2. Жайыт комитетинин ишмердүүлүгүнүн 2018-жылга түзүлгөн иш-планы жана 2018-жылга бюджети 75139 сомго бекитилсин.
3. 2018-жыл ичинде аткарылган иш планы жана бекитилген бюджетинин чыгымдалышы боюнча айылдык кеңештин депутаттарына отчет берүү жагы жайыт комитетинин төрайымы К.Төлөновага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөт башчысынын орун басары Т.Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |