Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 2
Ош-Бишкек жолунун реконструкциялоо жумуштары башталгандыгына байланыштуу, жолдун эки четиндеги кызыл сызыкка кирген жана каналдын жээгиндеги бак-дарактарды кыюу жөнүндө
Момбеков айыл өкмөт башчысынын орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-Бишкек жолунун реконструкциялоо жумуштары башталгандыгына байланыштуу, жолдун эки четиндеги кызыл сызыкка кирген жана каналдын жээгиндеги бак-дарактарды кыюуга уруксат берүү жагы Жалал-Абад областык экологиялык инспекциясынан суралсын.
2. Ош-Бишкек жолунун реконструкциялоо жумуштары башталгандыгына байланыштуу, жолдун эки четиндеги кызыл сызыкка кирген жана каналдын жээгиндеги бак-дарактарды кыюу боюнча айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин алып баруу менен маалыматты жеткирүү жагы жагы жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловго жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
3. Кыйылган бак-дарактарды айыл Өкмөтүндөгү мектеп жана балдар бакчаларына берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөт башчысынын орун басары Т.Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |