Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 3
2019-жылга айыл Өкмөтүндөгү приаритеттүү долбоорлорду деми берүүчү үлүштүк грантга жана областык, райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга айыл Өкмөтүнөн дем берүүчү үлүштүк грантга Жазгак айылындагы бала бакчасынын кательный, ажатканасы менен айыл аймагындагы конуштардагы жолдун нугун чыгаруу долбоору сунушталсын. Райондун өнүктүрүү фондуна № 23-Ж.Жунусалиев атындагы орто мектебине кошумча жаңы имарат куруу, Таштак айылына бала бакча куруу Курулуш айылына кичи футбол аянтчасын куруу долбоору сунушталсын.
2. 2019-жылга айыл Өкмөтүндөгү жогорудагы долбоорлорду даярдап дем берүүчү үлүштүк грантга жана райондук өнүктүрүү фондуна тапшыруу жагы айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Б.Жакыбалиевга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөт башчысынын орун басары Т.Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |