Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 6
Момбеков айыл Өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС аркылуу сатып алынуучу спец техникасынын (трактор Белорусь МТЗ -82.1.прицеп самосвальный тракторный 2 ПТС-2 ) өздүк салымын каржылап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасыын Коомчулукту өнуктүрүү жана Инвестициялоо агенствосунун (АРИС) “Мал чарбасын жана рынокту өнуктүрүү -2” долбоору аркылуу айыл өкмөтүнүнжайыт пайдалануучулар бирикмесине сатып алына турган спец.техникасынын өздук салымын каржылап берүүсүн жетекчилике алып, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасыын Коомчулукту өнуктүрүү жана Инвестициялоо агенствосунун (АРИС) “Мал чарбасын жана рынокту өнуктүрүү -2” долбоору аркылуу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине сатып алына турган спец.техникасынын өздук салымына 600 000 (алты жүз мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Техниканын жалпы суммасы 2 000 000 (эки миллион) сомдон 1400 000 сом акча каражатын каржылап берүү жагы Коомчулукту Өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунан (АРИС) суралсын.
3. Өздүк салым катары каржылануучу каражатты мыйзам чегинде ажыратып берүү жагы Ф.Э.Б башчысы Ч.Төлөновага жана финансы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Ф.Э.Б башчысы Ч.Төлөновага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |