Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 7
Момбеков айылдык Кеңешинин 10.03.2017-жылдагы ХХVII -чакырылышынын 6-сессиясынын № 4-токтомуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Момбеков айылдык Кеңешинин 10.03.2017-жылдагы ХХVII -чакырылышынын 6-сессиясынын № 4-токтомуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү кеңештин төрагасы Т Стамбаевдин билдиүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айылдык Кеңешинин 10.03.2017-жылдагы ХХVII –чакырылышынын 6-сессиясынын № 4-токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин.
2. Муниципалдык менчиктеги жерлерди жана имараттарды сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы 13 адамдан түзүлсүн жана төмөндөгү комиссия курамы бекитилсин:
1)Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы толугу менен
2)Бюджет жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссянын төрагасы, мүчөлөрү
3)Укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы
4)Айыл Өкмөтүнүн орун басары
5)Жер боюнча башкы адиси
6)Ф.Э.Б. башчысы
7)Салык кызматкерлери бекитилген чек аралары боюнча
8)Депутаттар бекитилген чек аралары боюнча
9)Айыл башчылары жеринде
10)Ноокен райондук шаар курулуш жана архитектура бөлүмүнүн өкүлү
11)Ноокен райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармасынын өкүлү
12)Аксакалдар сотунун төрагасы
13)Аялдар кеңешинин төрайымы
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөт башчысынын орун басары Т.Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |