Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 3
Салыктык укук чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке аткарылышынын тартиби жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы, Сузак райондук салык кызматынын 14.04.2017-жылдагы № 039/17/08-22/243 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 14-2-9/649/7453 сандуу катын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги токтомунун негизинде ага салыкчы Б.Ормоновдун билдирүусүн угуп, талкуулап, Курманбек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөтү менен Сузак райондук салык кызматынын ортосундагы келишим Кыргыз Республикасынын 17.03.2014-жылдагы № 145-токтомуна ылайык түзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын Курманбек айыл өкмөтүнүн Д.Бакировго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укуктук этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |