Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 1
Жеке ишкер Б.Багышовко кум-шагал кен байлыгын казып иштетүү үчүн берилген 5687 ТЕ лицензиясы жөнүндө
Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы, Кыргыз Республиикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер казынасы жөнүндө мыйзамынын 6-статьясына ылайык жеке ишкер Кара-Алма айылынын тургуну Б.Багышовго Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан кум-шагал кен байлыгын казып иштетүү үчүн берилген №5687 ТЕ лицензиясы боюнча жеке ишкер Б.Багышовдун маалыматын угуп, айылдык кеңештин депутаттары талкуулап , төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоон-Күнгөй айылына кеткен жолдогу Сай участкасынан Б.Багышовго Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан Жамбы и Ко ишканасына кум-шагал кен байлыгын казып иштетүү үчүн берилген № 5687 ТЕ лицензиясынын негизинде жана лицензиялык макулдашууда аныкталган чектерде жана мөөнөттөрдө жер казынасына пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Эгерде жер казынасынын участокторун пайдаланууда адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирсе, чарбалык обьектилерге же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүү коркунучу байкалса пайдаланууга чектөө киргизүү жагы Курманбек айылдык кеңешине жүктөлсүн.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |